
Боор, бөйрөк, сахар диабети жана башка оорулардын анализин алуу менен, гинеколог, фтизиатр, педиатр жана үй-бүлөлүк дарыгерлерден жарандар текшерилди. Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси тарабынан жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, бурцелез, кургак учук, үй-бүлөнү пландаштыруу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси боюнча маалымат берилип, маалымат баракчалары таратылды.