Каргалык айыл өкмөтүнө жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 28-майындагы №01-25/198 буйругу менен муниципалдык кадрлардын резервинде турган Абдрахманов Бердибек Маматжанович Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 29.05.2025-жылдагы №6 буйругу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

“Акыркы коңгуроо” аземи

Тогуз-Торо районундагы мектептерде “Акыркы коңгуроо” кагылды. 26-май “Акыркы коңгуроо” аземи райондун 13 мектебинде болуп өттү. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктап, окуучуларды илим-билимге умтулууга, өлкөгө кызмат кылууга, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. “Кесип тандоодо жүрөгүңөрдү угуп, өлкөбүздүн, районубуздун, аймагыбыздын өнүгүүсүнө салым кошо турган…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жаштар арасында өткөрүлгөн ишембилик

Бүгүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 3 айлыктын алкагында кезектеги ишембилик уюштурулуп өткөрүлдү. Ишембиликке айыл өкмөттөр, мекеме – ишканалар эмгек жамааты менен катышты.  Мындан сырткары мекеме-ишканаларда иштеген 21 жаштан 35 жашка чейинки жаштар активдүү катышышты.  Ишембилик Каргалык айыл аймагына караштуу төштүн үстүндөгү желектен водозаворго чейин жана “Жетиген”участогундагы төшкө ишембилик өткөрүлүп,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги Коллегиясы болуп өттү.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясы болуп өттү. Коллегияда төмөндөгү 3 маселе каралды: – Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын I кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы; – Жазгы айдап-себүү иштерине карата даярдыктар жана сугат суусун өз убагында берүү максатында райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы каналдарга ремонт иштеринин жүргүзүлүшү боюнча аткарып жаткан иштери; -Кыргыз Республикасынын Президентинин…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

“Жашыл Мурас” улуттук долбоорунун алкагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык тазалоо иштери уланууда

“Жашыл Мурас” улуттук долбоорунун алкагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык тазалоо иштери уланууда. Аталган долбоордун алкагында ар жуманын ишемби күнү райондун аймагындагы айыл өкмөттөрү, жашоочулар, мекеме- ишканалар эмгек жамааттары менен ишембиликке чыгып, мекеменин айланасын, бөлүнгөн көчөлөрдү тазалап, арыктардын ичтерин тазалап, таштандыларды чыгарып,  бак- дарактарды актоо жана бутоо, бак-дарактардын көчөттөрүн тигүү иштерин…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 80 карагайдын көчөтү тигилди

“Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата  Т.Мойдунов атындагы №1 Макмал орто мектебинин аянтчасына жалпысынан  80 түп карагайдын көчөтү отургузулду. Отургузулган көчөттөрдүн 20 даанасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан, ал эми калган 60 даана көчөт  “Кытай Темир жол” курулуш корпорациясы √11 бюросунун 5-компаниясы ЖЧКнун Кыргыз…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

60 жаштан жогору курактагы жарандар арасында “Волейбол” жана “Ордо” оюндары өткөрүлдү

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата “Волейбол” жана “Ордо” оюндары 60 жаштан жогору курактагы жарандар арасында өткөрүлдү. Оюндун максаты: Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, келечекте жаштарды спортко үндөп, жаштарга үлгү көрсөтүү. Спорттук иш-чарада 1-орунду “Каргалык” командасы,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

“Идеядан инновацияга-жаштардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Жаштар форуму

Райондо ” Идеядан инновацияга-жаштардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Жаштар форуму райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү. Форумга, район акими Манас Мураталиев, райондук билим берүү бөлүмү, айылдык кеңештин депутаттары, жаштар кеңештери, мекеме-ишканалардын жаштары, жеке ишкерлер жана мектеп парламенттери катышты. Район акими өз сөзүндө, келечек жаштардын колунда экенин баса белгилеп жаштарды активдүү болууга,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын  аппаратында коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тууралуу окуу өткөрүлдү

2025-жылдын 28-апрелинде Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын  аппаратында коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тууралуу окуу өткөрүлдү. Окууда жамаатка  “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тааныштырылды жана “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

«Жылдын мыкты тарбиячысы – 2025» сынагы жыйынтыкталды! 

Бүгүн балдардын чоң дүйнөгө болгон алгачкы кадамына багыт берген, мээримдүү, сабырдуу жана эмгекчил тарбиячыларыбыздын арасында өткөн маанилүү сынак — «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2025» салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды. Сынактын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: – “Күнчубак”мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Апешова Майрамкүл Сейдалиевна – “Жылдын мыкты тарбиячысы”; – “Акбермет” мектепке чейинки билим берүү…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: