Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы дайындалды

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 1-мартындагы №01-25/70 буйругу менен муниципалдык кадрлардын резервинде турган Жарбашов Алтынбек Турдубекович Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 24.02.2025-жылдагы №1 буйругу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

2024-2025-окуу жылына карата өткөрүлгөн Республикалык предметтик олимпиаданын райондук II баскычынын жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү 13.01.2025-жыл №11/1 буйругунун негизинде Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн “2024-2025-окуу жылына карата мектеп окуучуларынын Республикалык предметтик олимпиадасынын райондук баскычын өткөрүү” жөнүндөгү 12.02.2025-жыл №30 буйругу чыгарылып, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 11.11.2019-жылдагы №1310/1 буйругу менен…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Предметтик олимпиаданын райондук туру башталды

18-февраль күнү Республикалык предметтик олимпиаданын райондук туру башталды. Олимпиаданын максаты: Республикалык предметтик олимпиадалар окуучулардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана билимге болгон кызыгуусун арттырууну көздөйт. Райондук тур — олимпиаданын биринчи этабы болуп, анда райондук деңгээлде окуучулар белгилүү бир предмет боюнча күч сынашат. Райондук турда катышуучулар белгилүү предмет боюнча (математика, физика,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “жыл жыйынтыгы” чыгарылды

2025-жылдын 31-январында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Тогуз-Торо районунун 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2025-жылга карата милдеттери тууралуу коллегиясы болуп өттү. Район боюнча жалпы өнөр-жай тармагында иштеп жаткан өндүрүштүк субъекттер тарабынан 2024-жыл ичинде 2 млрд 217 млн сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, ал эми 2023-жыл ичинде 1 млрд 416 млн сомдук продукциялары өндүрүлүп,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Курч кармаган вирустук инфекциясы алдын-алуу

Респиратордук инфекция- бул аба аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар. Булар сасык тумоо, КРВИ- курч кармаган вирустук инфекция, суу чечек, менингит, скарлатина, covid-19, кызамык, оорулары кирет. Оорунун козгогучу вирустар . Вирус- оорулуу адамдан соо адамга аба, аба тамчылар аркылуу тез тарап, жугат. Райондо жыл ичинде менингит, скарлатина, covid-19, сасык тумоо оорулары катталган…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Райондун алыскы Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарынын социалдык объектилеринин абалдары каралды.

2024-2025-жылдын кыш мезгилиндеги социалдык объектилердин жылытуу системаларынын абалы менен жеринен көрүп, тиешелүү иш-аракеттерди өз убагында жүргүзүү максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук санитардык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте айылдагы мектептердин, китепкана, айылдык клуб, ҮДТ, ФАП тын жылуулугу, тазалыгы жана мектеп, бала-бакчалардагы окуучулардын, тарбиялануучулардын катышы менен таанышты.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Каргалык айыл аймагына караштуу №4 Сары-Булуң айылдык китепкананын имараты ачылып пайдаланууга берилди

 Ачылышка Тогуз-Торо районунун акиминин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, Каргалык айылдык кеңештин төрагасы Таалайбек Токтоболотов, айылдык кеңештин депутаттары Сапаралы Өмүракунов, Венера Эпээва,Тогуз-Торо райондук Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкананын директору Гүлсайра Токтосунова жана айыл тургундары катышты. Кара-Суу айылындагы китепкананын курулушун “Эмирхан Компани” жоопкерчилиги чектелген коому…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору жаңы медициналык аппараттар менен толукталды

Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна кургак учук рентген аппараты жана райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун, фельдшердик акушердик пункттарынын дарыгерлерине жана медицина кызматкерлерине 30 даана планшет аппараты тапшырылды. Белгилей кетсек ооруканадагы цифровой рентген аппарат 2011-жылы алынган. Калкка медициналык кызматты жакшыртууда жана флюрография аппаратты сынык жараттарды, кургак учукка изилдөө…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Райондо, психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларына алып келүүчү психоактивдүү заттар жана алардын сатылышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Райондо, психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларына алып келүүчү психоактивдүү заттар жана алардын сатылышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы №463-т. тескемеси менен бекитилген “Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү концепциясын ишке ашыруу” боюнча иш-чаралар планынын негизинде райондук мамлекеттик администрациясы…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Атай айыл өкмөтүндө тоок фермасы ачылды

Тоок ферма ачуу үчүн жеке ишкер Б.Бобукеев тарабынан 1 950,0 миң сомго “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна” долбоор жазылып, жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында аталган фонд тарабынан 1 950,0 миң сом үстөк пайызы төмөн кайтарымдуу насыя менен берилген. Ал эми жеке ишкер тарабынан өздүк салым катары 1 550,0 миң сом каралып бүгүнкү…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: