Тогуз-Торо: райондук ооруканага жаңы медициналык аппараттар келди

Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун хирургия, реанимация жана гинекология бөлүмдөрү заманбап медициналык аппараттар менен камсыздалды. Район акими Манас Мураталиев жаңы аппараттар менен таанышып, бул жабдуулар калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилеп, ак халатчан дарыгерлерге иштерине ийгилик каалады. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

«Балдар лыжа тебет» – сергек муундун жолу!

Тогуз-Торо районунда «Балдар лыжа тебет» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып, кышкы спортту өнүктүрүү багытында маанилүү иштер аткарылууда. Долбоордун алкагында Отор Чопиев атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары лыжа тебүү боюнча сабактарды алып, үзгүлтүксүз машыгып жатышат. Тажрыйбалуу машыктыруучулар балдарга атайын мастер-класстарды өткөрүп, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырууда. Алдыда жооптуу мелдеш! 2026-жылдын…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Тородо окуучулар муз үстүндө күч сынашты

2026-жылдын 31-январында Казарман айылында Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата жаш өспүрүмдөр арасында муз үстүндө коньки тебүү мелдеши өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — окуучулар арасында достукту бекемдөө, сергек жашоого үндөө, кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле кышкы спорт түрлөрүн жана кышкы туризмди өнүктүрүү. Мелдешке №1 Тоту Мойдунов (Макмал), №2…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Кезектеги коллегиянын отуруму болуп өттү

2026-жылдын 27-январында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумдун күн тартибинде Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2026-жылга карата милдеттери тууралуу каралып. Бул маселелер боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири маалыматтар берилип, аткарылган иштерге талдоо…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда «Кесиптик компас» форуму өткөрүлдү

2026-жылдын 24-январында Тогуз-Торо районунда жогорку класстын окуучуларына (9–10–11-класстар) туура кесип тандоого багыт берүү максатында «Кесиптик компас» аталышындагы форум өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында жаштарга кесип тандоодо багыт берүү, жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү, лидерлик жана медиасабаттуулукту жогорулатуу, ораторлук өнөрдү үйрөтүү маселелери камтылды. Ошондой эле мугалимдер үчүн заманбап окутуу методикалары жана санарип педагогикасы боюнча пайдалуу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Район башчысы алыскы айылдардан кабар алды

Кыш мезгилине карата Тогуз-Торо районунун борборунан алыс жайгашкан Дөдөмөл жана Кош-Булак айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М. Мураталиев жергиликтүү элдин жашоо-турмушу, кышкы даярдыктары жана социалдык маселелердин абалы менен жеринде таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Район башчысы айтылган ар бир…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кезектеги оперативдик жыйын өткөрүлдү

. Жыйынга райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты. Жыйындын жүрүшүндө күз-кыш мезгилинин өтүшү боюнча райондогу жалпы абал талкууланып, жылуулук, электр энергиясы, көмүр менен камсыздоо, жолдордун абалы жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери каралды. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилип, белгиленген маселелерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча милдеттенмелер…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

2025-жылдын 30-декабрында Тогуз-Торо районунда Жаңы жыл майрамына арналган салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким М.М. Мураталиев район элин Жаңы жыл менен куттуктап, жыл ичинде аткарылган социалдык-экономикалык иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Жыл жыйынтыгы менен райондун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Тогуз-Торо районунун Ардактуу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Кезектеги  коллегиясынын отуруму болуп өттү

  2025-жылдын 30-декабрында , Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы №193 «Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмү жана Отор Чопиев…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жаңы дайындоо

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №12 буйругунун негизинде 2025-жылдын 30-декабрынан тартып Олжотоев Марлис Жээнбекович Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: