Тогуз-Торо районунда «Балдар лыжа тебет» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып, кышкы спортту өнүктүрүү багытында маанилүү иштер аткарылууда.
Долбоордун алкагында Отор Чопиев атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары лыжа тебүү боюнча сабактарды алып, үзгүлтүксүз машыгып жатышат. Тажрыйбалуу машыктыруучулар балдарга атайын мастер-класстарды өткөрүп, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырууда.
Алдыда жооптуу мелдеш!
2026-жылдын 11–12-февраль күндөрү жаш спортчуларыбыз Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өтүүчү «Мен чемпион» республикалык кышкы оюндарына катышып, лыжа жана тоо лыжа спорту боюнча күч сынашат.
Жаш лыжачыларыбызга ийгилик каалайбыз!
