Сарык оорусун алдын-алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар

Тогуз-Торо районунда былтыркы жылга салыштырмалуу жугуштуу сарык оорусу өсүш берүүдө. Оорунун 90% жаш балдар жана окуучулар арасында катталууда. Сарык оорусун жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында, бардык мектептерде, бала бакчаларда санитардык ченемдердин жана жугушсуздандыруу эрежелерди сактоо боюнча эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү. Мектеп, бала бакчаларда, айыл өкмөттөрдө сарык оорусунан сактануу боюнча адистер тарабынан…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда 2024-жылдын 9 айында өндүрүш тармагында аткарылган иштер

Район боюнча жалпы өнөр-жай тармагында иштеп жаткан өндүрүштүк субъекттер тарабынан 2024-жылдын 9 айында 1 279 628,7 миң сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, ал эми 2023-жылдын 9 айында 1 016 120,8 миң сомдук продукциялары өндүрүлүп, продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 2024-жылдын 9 айына 121,1 % ды камтып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүлгөн…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

STOP СПИД !!!

STOP СПИД !!! Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында райондук мамлекеттик администрациясынын 05.11.2024-жылдагы № 268-т тескемесинин негизинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк АИВ/СПИД илдетине каршы күнүнө жана бир айлык өнөктүккө карата семинар болуп өттү. Семинарга башкармалыктын жалпы кызматкерлери катышып, АИВ/СПИД илдетинен сактануу жана жугуу жолдору тууралуу маалымат алышты.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жугуштуу сарык оорусу!

Райондук ооруларды алдын алуу жана санэпид көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери тарабынан, Каргалык айыл өкмөтүндө жаш энелерге жугуштуу сарыктын А түрү, бруцеллез, ВИЧ/СПИД ооруларын алдын алуу боюнча семинар өтүлдү. Семинарга 25 айым катышты. Жугуштуу ооруларды алдын алууда, үй бүлөсүнүн, балдарынын ден соолугуна энелердин жоопкерчилиги жогору болууга тийиш. Себеби үйдө гигиенаны, тазалыкты сактоо…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Ак Өргө жаңы конушуна таза суу чыгарылды

Каргалык айыл өкмөтүнүн Сары-Булуң участкасындагы Ак Өргө жаңы конушуна ашар ыкмасы менен таза суу тартылды. Ачылышка Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Акунова, “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын жетекчилери жана жергиликтүү айыл тургундары катышты. Жаңы конушка жалпы узундугу 4,0 км аралыктагы жерге таза суу тартылып,…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Түшүм майрамы белгиленди

Тогуз-Торо районунда жергебиздин берекелүү түшүмүн, дыйкандардын мээнетинин үзүрүн даңазалаган “Күз майрамы-2024” түшүм майрамы Жусупбек Байсогуров атындагы “Кара шумкар” ат майданында белгиленди. Майрамдык иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин 1-орун басары Т.Арун уулу, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана тургундар катышты. Жазында маңдай тери менен эккен дан эгиндеринен түшкөн мол…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Атай айылында воркаут аянтчасы ачылды

Ачылышка район акими Манас Мураталиев, Атай айыл аймагынын башчысы Аскербек Жаңыбаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Аянтчанын жалпы аянты 10 чарчы метр айланасы коргондолуп, балдарга, улгайган курактагы адамдарга ылайыкталган турник жана брустар жана балдар ойноочу отургучтар орнотулган.  Долбоорду дем берүүчү гранттын эсебинен жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен салынган.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Медицина кызматкерлери “Саламат жүрөк” долбоору боюнча окутуудан өтүштү

Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунда жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу долбоорунун алкагында жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алуу максатында “Саламат жүрөк” чек-ап модулу боюнча медицина кызматкерлери жана айылдык ден соолук комитеттерине окутуу болуп өттү. Окутууга Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун директору Дурия Абдылдаева катышып…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди.…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ААКнын туунду компаниясы – “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысына ишканада өткөн жылы оңдоо иштери башталганы маалымдалып, ал үстүбүздөгү жылы улантылууда. 112 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, жаңы жабдуулар, анын ичинде атайын техника сатып алынды.…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: