Жарыя

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары! Сиздерге экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюджеттик кредит алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдайбыз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу” Жарлыгынын негизинде “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу” типтүү жобо бекитилди. Аталган жобо боюнча райондун өнүктүрүү фонддорунун каражатынан экономикалык долбоорлорду бюджеттик кредит менен каржылоо каралган.…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жаңы дайындоо

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

1-сентябрь -билим күнү

2025-жылдын 1-сентябрында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М.Мураталиев Атай айыл ѳкмѳтүнүн Карл-Маркс айылындагы таза суу тартуу жумуштарынын жана “Саймалуу-Таш” жалпы билим берүүчү орто мектебинин, Атай айылындагы “Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун, Арал айылындагы “Айзирек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жүрүп жаткан курулуштарын көрүп, жеринен кабар алды. Куруучу копаниянын ѳкүлдѳрүнѳ…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган райондук Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында “Кыргызстан эгемендүү өлкө” аталышындагы маданий иш -чара уюштурулду. Иш-чарада райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошкон атуулдарга “Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу” наамы жана “Ардак грамотасын” райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким М.М.Мураталиев тапшырды. Ошондой эле Тогуз-Торо районунун кулуну, жердешибиз “Мейкин Азия…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тазалыкты камсыз кылуу максатында 300 даана таштанды таштоочу урна алынып келинди

Тогуз-Торо районунун аймагында тазалыкты камсыз кылуу жана жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунун аркасы менен 300 даана таштанды таштоочу урна Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунун 7-дирекциясынын демөөрчүлүгү аркылуу алынып келинип, айыл өкмөттөргө бөлүнүп берилди. Алынган урналар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: • Атай айыл өкмөтү – 80 даана • Каргалык…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Арал жана Бирдик айылдарында балдар ойноочу аянтчасы ачылды

Бүгүн 22-август 2025-жылы Атай айыл аймагына караштуу Арал жана Бирдик айылдарында балдар ойноочу аянтчасынын ачылышы болду. Аталган иш чарага администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскер Жаңыбаев, Атай айыл аймагынын кеңешинин төрагасы жана депутаттары, Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле жергиликтүү…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Мобилдик май куюучу жайы уюштурулду

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!!! Тогуз-Торо районунун аймагында ири май куюучу станциялар Газпром, Петролеум, Партнер нефть АЗС жок болгондугуна байланыштуу, райондун элин сапаттуу күйүүчү май менен камсыз кылуу максатында 2023-жылы “Партнер нефть” ЖЧКсы менен сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлүп, 2024-жылы АЗСтин долбоору даярдалып, быйылкы жылы май айынан бери АЗС куруу иштери жүргүзүлүүдѳ. Бирок, АЗС…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жырма каналынан айыл ичине суу ички арыктары тазалана баштады

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен,  “Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги” (ADI) тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Ленин айылында Жырма каналынан айыл ичине суу келүүчү арык – каналдардын 1 км. жерин кол менен тазалап, таштандыларды чыгаруу, арыктын ичин кенейтип , суу жырып кеткен жээктерин бетондоо иштери башталды. Долбоорго жумушсуз жана аз камсыз болгон…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

6 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.О.Самаев катышкан Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде “Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын 6 айынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2025-жылдын 9 айына карата милдеттери тууралуу” маселе каралып, коллегиянын жыйынтыгы менен берилген тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу милдеттендирилди.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: