Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кезектеги оперативдик жыйын өткөрүлдү

. Жыйынга райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты. Жыйындын жүрүшүндө күз-кыш мезгилинин өтүшү боюнча райондогу жалпы абал талкууланып, жылуулук, электр энергиясы, көмүр менен камсыздоо, жолдордун абалы жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери каралды. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилип, белгиленген маселелерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча милдеттенмелер…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

2025-жылдын 30-декабрында Тогуз-Торо районунда Жаңы жыл майрамына арналган салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким М.М. Мураталиев район элин Жаңы жыл менен куттуктап, жыл ичинде аткарылган социалдык-экономикалык иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Жыл жыйынтыгы менен райондун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Тогуз-Торо районунун Ардактуу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Кезектеги  коллегиясынын отуруму болуп өттү

  2025-жылдын 30-декабрында , Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы №193 «Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмү жана Отор Чопиев…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жаңы дайындоо

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №12 буйругунун негизинде 2025-жылдын 30-декабрынан тартып Олжотоев Марлис Жээнбекович Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Табылгыты айылында жаңы спорт зал пайдаланууга берилди

Табылгыты айылындагы Эмилбек Касмалиев атындагы № 9 жалпы билим берүүчү орто мектебинин заманбап спорт залы расмий түрдө пайдаланууга берилди. Спорт залдын ачылыш аземи онлайн форматта өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич катышты. Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.М. Мураталиев, акимдин…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

         Тогуз-Торо райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы жана Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өрт коопсуздугун сактоо боюнча турак үйлөрдүн жашоочуларына жана соода-сатык жайларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында пиротехникалык заттарды мыйзамсыз сатууга жол бербөө, ошондой эле кафе-ресторандарда өткөрүлүүчү той-тамашаларда өрт коопсуздук эрежелерин так…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда волейбол боюнча “Акимдин кубогу” өткөрүлдү

             Кыргыз спортунун 100 жылдык мааракесине карата жана жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Тогуз-Торо районунда волейбол боюнча мектеп окуучулары (балдар жана кыздар) арасында “Акимдин кубогу” аталышындагы мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.М. Мураталиев, акимдин орун басары…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Бүгүн Тогуз-Торо районунда жаштардын демилгеси менен «Таза айлана – жаштардын демилгеси, коомдун келечеги» аталышындагы экологиялык акциясы өттү.

Иш-чарага мекеме-уюмдардын 21 жаштан 35 жашка чейинки жаш кызматкерлери катышып, айлана-чөйрөнү тазалоого жана коомдун экологиялык маданиятын жогорулатууга өз салымдарын кошушту. Акциянын жүрүшүндө: — Нур-Жайык кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы тазаланып, таштандылар тиешелүү тазалык ишканасы тарабынан чыгарылып, аймактын санитардык абалы жакшыртылды. Иш-чаранын башкы максаты — жаш муунду табиятты сүйүүгө, айлана-чөйрөнү…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

ЖАРЫЯ!

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары! Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы академиясы 2025-жылдын 8–12-декабрь күндөрү Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Жээналиев көчөсү №54 дарегинде “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасында курс өткөрөт. Курс төмөнкүлөр үчүн арналган: мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери; орто жана чакан бизнес өкүлдөрү. Курстун шарттары: Узактыгы: 40 академиялык саат Мөөнөтү:…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда “Манас эпосунун күнү” белгиленди

Бүгүн А. Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө “Манас эпосу — дүйнөлүк маданий казынанын керемет кенчи” аттуу майрамдык иш-чара өттү. Маданият кызматкерлери катышкан бул кечеде режиссёр Адилет Бейшекеев жетекчилик кылган ийримдин мүчөлөрү Манастын хандыкка көтөрүлгөнүн сахналык көрүнүш аркылуу жандуу тартуулашты. Мындан сырткары маданият кызматкерлери тарабынан манас эпосунан үзүндү айтылып, конокторго бий…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: