Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев 2025-жылдын февраль-март айларында айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу үчүн атайын график бекитип, бекитилген графиктин негизинде 27.02.2025-жылда Атай айыл аймагынын Атай, Карл-Маркс, Арал жана Бирдик айылдарынын тургундары менен жолугушуп келди.
Күн тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын 2024-жыл ичинде аймактардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү багытындагы аткарган иштери тууралуу маалыматы жана 2025-жылга койгон иш-пландары, жазгы айдап себүү иштерине даярдыктардын жүрүшү тууралуу маселелер каралды.
Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген ар кандай маселелер боюнча суроолорго жооптору берилди. Жолугушуунун негизинде айтылган суроо-талаптар боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттер коюлуп, иш-чара кабыл алынды.



