Тогуз-Торо районундагы мектептерде “Акыркы коңгуроо” кагылды.
26-май “Акыркы коңгуроо” аземи райондун 13 мектебинде болуп өттү.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктап, окуучуларды илим-билимге умтулууга, өлкөгө кызмат кылууга, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. “Кесип тандоодо жүрөгүңөрдү угуп, өлкөбүздүн, районубуздун, аймагыбыздын өнүгүүсүнө салым кошо турган багытты тандагыла. Келечек силердин колуңарда!” – деди район башчы. Ошону менен бирге эле бүтүрүүчүлөргө ак жол, байсалдуу сапар, чың ден соолук жана бакубат келечек каалады.
Быйыл 2025-жылда район боюнча 9-классты 401, ал эми 11-классты 289 окуучу мектепти аяктап жатат.




