Ак Өргө жаңы конушуна таза суу чыгарылды

Каргалык айыл өкмөтүнүн Сары-Булуң участкасындагы Ак Өргө жаңы конушуна ашар ыкмасы менен таза суу тартылды.
Ачылышка Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Акунова, “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын жетекчилери жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.
Жаңы конушка жалпы узундугу 4,0 км аралыктагы жерге таза суу тартылып, жергиликтүү бюджеттен 800,0 миң, айыл эли тарабынан 330,0 миң, 1996-жылдагы бүтүрүүчүлөр 80,0 миң жана “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы тарабынан 150,0 миң сомдук акча каражаты каржыланып, жалпы наркы 1360,0 миң сомду түздү.
P.S.   Белгилей кетсек, Ак Өргө жаңы конушунда 28 түтүн калкынын саны 152. Буга чейин таза суу көйгөй болуп, булактан суу ташып келишкен.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply