“Атам жана мен” — ынтымакты бекемдеген мелдеш

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгына карата Атай айыл аймагындагы 4 мектептин окуучулары жана алардын аталарынын катышуусунда мектеп аралык “Атам жана мен” аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Мелдеште 4 мектептен түзүлгөн “Тайган”, “Ак Шумкар”, “Кабылан”, “Жалын” командалары окуучулар аталары менен бирге күч сынашып, спорттук дух жана ынтымак көрсөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — ата-энелер арасында агрессияны башкаруу, ата-энелик ролду бекемдөө, мектеп менен ата-эненин байланышын чыңдоо, сергек жашоого үндөө, ден соолукту чыңдоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана спортту сүйүүгө чакыруу.
Мелдешке катышкан бардык командалар кубок, медаль жана Атай айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply