Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким М.М. Мураталиевдин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн — Мекенибиздин тынчтыгы жана элибиздин коопсуздугу үчүн кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан бардык жоокерлердин, ардагерлердин, мекен сакчыларынын эрдигин жана кайратмандыгын даңазалаган өзгөчө майрам. Ата Журтту коргоо — ыйык милдет, ал эми аны ак ниеттик менен аткарган инсандар ар дайым терең урмат-сыйга татыктуу.
Жыл сайын 23-февралда биз ардагерлерибизди жана бүгүн да Мекен сакчылыгында турган жоокерлерибизди даңазалайбыз. Ар-намыстуулуктун жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп, Мекен үчүн өмүрүн кыйган баатырларыбыздын жаркын элесине, элибиздин улуу рухуна таазим этебиз. Айрыкча Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өзгөчө көңүл буруп, аларды ар дайым урмат-сыйга бөлөйбүз.
“Чептен эрдин күчү бек” дегендей, кыргыз эли — улуу жоокерлердин урпагы. Элибиз эзелтен кубаттуу жана күчтүү аскердин маанисин терең түшүнүп келген.
Өз үйүн, Мекенин коргоо — ыйык парыз, аны ар-намыстуулук менен аткаруу ар бир жарандын милдети. Өлкөдөгү бүгүнкү тынчтык, туруктуулук жана биримдик — элибиздин эң баалуу энчиси. Тынчтык болсо экономика өнүгөт, эл бейкут турмушта жашап, бакубат жашоону курат. Ошол эле учурда тынч мезгилде да өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен дагы бир ирет куттуктайм!
Ушул куттуу күнү ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм. Ардагерлерибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейм, ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат каалайм. Мекенибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун!
Урматтоо менен,
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким
М.М. Мураталиев
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply