Тогуз-Тородо окуучулар муз үстүндө күч сынашты

2026-жылдын 31-январында Казарман айылында Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата жаш өспүрүмдөр арасында муз үстүндө коньки тебүү мелдеши өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — окуучулар арасында достукту бекемдөө, сергек жашоого үндөө, кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле кышкы спорт түрлөрүн жана кышкы туризмди өнүктүрүү.
Мелдешке №1 Тоту Мойдунов (Макмал), №2 Асан Абдраимов жана №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүү мектептеринин 7–8–9-класстарынын окуучулары катышып, муз үстүндө кызыктуу таймаш өткөрүштү.
Иш-чарага акимдин орун басары Асель Жунусалиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Таалайбеков, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Жарбашов, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Спорттук мелдештин соңунда жеңишке жеткен командаларга дипломдор жана белектер тапшырылып, окуучуларга дем-күч берилди.
Бул иш-чара райондун башка мектептеринде дагы уланып, окуучуларды сергек жашоого үндөө, достукту бекемдөө жана кышкы спортко болгон кызыгууну арттырууга багытталат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply