Тогуз-Торо районунда «Кесиптик компас» форуму өткөрүлдү

2026-жылдын 24-январында Тогуз-Торо районунда жогорку класстын окуучуларына (9–10–11-класстар) туура кесип тандоого багыт берүү максатында «Кесиптик компас» аталышындагы форум өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында жаштарга кесип тандоодо багыт берүү, жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү, лидерлик жана медиасабаттуулукту жогорулатуу, ораторлук өнөрдү үйрөтүү маселелери камтылды. Ошондой эле мугалимдер үчүн заманбап окутуу методикалары жана санарип педагогикасы боюнча пайдалуу маалыматтар берилди.
Форумга 9–10–11-класстын окуучулары жана мугалимдер катышып, иш-чара Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектебинин актовый залында уюштурулду. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү максатында Бишкек шаарынан атайын чакырылган коноктор келип, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары А.А. Жунусалиева катышып, куттуктоо сөз сүйлөп, Бишкек шаарынан келген конокторго «Ыраазычылык баракчаларын» тапшырды. Мындан сырткары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Таалайбеков, маданият бөлүмүнүн башчысы С.Абдылдаев, “Тилектеш Эл” коомдук бирикмесинин төрагасы А.Санжыбаев жана Жаштар кеңешинин төрагасы Б.Мурзапайызов катышып куттуктоо сөз сүйлөштү.
Форумга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Бакай Кожомкул уулу, жеке ишкер Аскар Дүйшөнбеков, «Жердин балдары» коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү Бегимай Баатырбекова, «Кыргызстан жаштар кыймылы» коомдук бирикмесинин аппарат жетекчиси Данияр Бекишов, ошондой эле Борбор Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын долбоорлор адиси Айгерим Алманбет кызы катышты.
🔹 Форум «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, уюштурулду.
Иш-чара жаштардын келечекке болгон ишенимин бекемдеп, туура кесип тандоосуна багыт берген маанилүү аянтча болду.видео
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply