



. Жыйынга райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.Жыйындын жүрүшүндө күз-кыш мезгилинин өтүшү боюнча райондогу жалпы абал талкууланып, жылуулук, электр энергиясы, көмүр менен камсыздоо, жолдордун абалы жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери каралды. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилип, белгиленген маселелерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча милдеттенмелер жүктөлдү.
Мындан сырткары, 2026-жылга пландалган иштер боюнча да кеңири сөз болуп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын камсыз кылуу милдети коюлду.