Тогуз-Торо районунда Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

2025-жылдын 30-декабрында Тогуз-Торо районунда Жаңы жыл майрамына арналган салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким М.М. Мураталиев район элин Жаңы жыл менен куттуктап, жыл ичинде аткарылган социалдык-экономикалык иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Жыл жыйынтыгы менен райондун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу наамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана тиешелүү министрликтердин ошондой эле райондун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамоталары” жана “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.
Иш-чара Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М.Мураталиевтин район элин жаңы жылы менен куттуктоосу!
Урматтуу мекендештер!
Ардактуу Тогуз-Торо эли!
Биз саналуу убакыттардын кийин эски жылыбызды узатып, жаңы дем, жаңы үмүт менен 2026-жылга кадам таштайбыз. Жаңы жыл — бул келечекке болгон ишенимди бекемдеп, алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан өзгөчө мезгил.
Узатып жаткан 2025-жылы райондо бир катар маанилүү иштер аткарылып, социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык багыттарда олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Атай айыл аймагында Саймалуу-Таш жалпы билим берүү мектебинин имаратынын, Арал айылындагы “Айзирек”, Дөдөмөл айылындагы “Наристе” бала бакчалардын жана Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинде “Билим берүү” борборунун имаратынын курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, Атай айылындагы “Жеткинчек” бала бакчасынын курулушу аяктап ачылуу алдында турат. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу Табылгыты айылында 2013-жылы башталган спорт залдын курулушу айрым жагдайларга байланыштуу бир топ жылдардан бери токтоп турган, бирок 2025-жылдагы көрүлгөн аракеттердин жыйынтыгы менен Табылгыты айылындагы Э.Касымалиев атындагы спорт залдын курулушу бүткөрүлүп бүгүн пайдаланууга берилди.
2025-жылы райондун аймагында жалпы 11,6 чакырым жолго ысык асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Анын ичинен 4,8 чакырымы ички жолдорду, ал эми 6,8 чакырымы республикалык маанидеги жолдорду түзөт. Мындан сырткары, район аймагындагы 2 чакырым аралыктагы жолго тротуар курулду.
Эң негизги жетишкендиктердин бири катары 2025-жылдын башында Тогуз-Торо районунун мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн 1 миллиард сомго жеткирүү максаттуу индикатор катары белгиленген эле. Ал максатка дагы жетип райондун мамлекеттик бюджети 2025-жылы 1 миллиарддык баскычтан өттү. Бул жетишкендик алдыдагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттырууга кеңири шарт түзөт.
“Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” тарабынан райондун аймагындагы курулуш иштерине, жолдорго ыссык асфальт басууга жана техникалар камсыз кылуу максатында 17 долбоорду 28 676,5 миң сомго каржылап берди. Ал эми ишкерлерди колдоо максатында 7 ишкердин долбооруна 14 863,6 миң сомдук каржылоо жүргүздү. Мындан сырткары 2024-жылы Каргалык айыл өкмөтүнө таштанды таштоочу унаа алып берген болсок, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Атай жана Тогуз-Торо айыл өкмөттөрүнө дагы 7 020,0 миң сомго таштанды таштоочу унаа алуу долбоорун жактырып жакынкы аралыкта камсыз болуу алдында турат.
Алдыда келе жаткан 2026-жыл районубуз үчүн тарыхый жана келечекке багытталган маанилүү долбоорлорго бай жылдардын бири.
Биринчиден, Тогуз-Торо районунун уюшулгандыгына 90 жылдык мааракеси. Бул иш чаранын арты менен бир катар социалдык объектилерди пайдаланууга берип кайрадан башка социалдык объектилердин курулуш иштерин баштоо, ички жана айылдар аралык жолдорго ысык асфальттарды басуу менен районубузду жаңы деңгээлге алып чыгып инвестициялык потенциалын жогорулатабыз деген үмүттөбүз.
Экинчиден, Кыргызстандагы эң ири долбоорлордун бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринин негизги иштери башталат. Ошондой эле Тогуз-Торо району үчун маанилүү болгон Логистикалык борбор салуу иштеринин долбоору даярдалып курулуш иштери башталуусу күтүлүүдө. Ал эми, өндүрүш тармагын көтөрүү максатында “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы тарабынан Бирдик айылына “Кирпич заводун куруу” долбоорун ишке ашыруу алдында турат. Мындан сырткары тышкы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бир катар долбоорлорду ишке ашыруунун аракетин жүргүзүүдөбүз.
Үчүнчүдөн, IV Элдик Курултайда демилгеленген Казарман айылына “шаар” статусун берүү маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылууларды жолдоо, шаар макамын алууга зарыл болгон укуктук жана социалдык-экономикалык негиздемелерди даярдоо жана белгиленген тартипте кароого киргизүү боюнча иштерди жүргүзөбүз.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып районубузда иштеп жаткан ар бир кызматкер, мекеме жетекчилер жана айыл өкмөт башчыларына кылган эмгектерине жана жарандарыбызга ыраазычылык билдирем. Мындан ары дагы Айыл өкмөттөр, мекеме ишканалар менен биргеликте жалпыбыз көздөгөн иштерибиздин алдыга жылышы үчүн кылган аракеттерибизди биргеликте көрүп, натыйжа менен элдин камы жана шарты үчүн иш алып бара бермекчибиз.
2026-жылы негизги максатыбыз болгон — Тогуз-Торо районунун өнүктүрүүнүн жаңы демин берип, алдыга коюлган баардык долбоорлор жана иш-аракеттер биримдик, ынтымак жана туруктуулук менен ишке ашырылат деп ишенем.
Жаңы жыл сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, берекелүү күндөрдү, үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана бейпилдик алып келсин! Ар бир үйдө ырыс-кут орноп, жаштарыбыз билимге умтулуп, жаркын келечекке кадам таштасын. Бардык ой-максаттарыңыздар орундалып, демилгелер ийгиликтүү ишке ашсын.
Биз бирге күчтүү, өнүккөн жана ынтымактуу Тогуз-Торону куруп, келечекке ишенимдүү кадам таштайбыз деп терең ишенем!
Жыл башындагы жаңы жылдык эс алуу күнүңүздөр көңүлдүү улансын.
Жаңы жылыңыздар менен!
 
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply