Табылгыты айылындагы Эмилбек Касмалиев атындагы № 9 жалпы билим берүүчү орто мектебинин заманбап спорт залы расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Спорт залдын ачылыш аземи онлайн форматта өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич катышты.
Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.М. Мураталиев, акимдин орун басары А.А. Жунусалиева, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы, аксакалдар жана жаштар, мугалимдер, окуучулар катышышты. Ачылыш аземи жогорку деңгээлде белгиленип, спорттун “Волейбол” түрү боюнча оюн менен уланды.
Жаңы спорт зал мектеп окуучуларынын дене тарбиясы менен үзгүлтүксүз алектенүүсүнө, сергек жашоо образын калыптандырууга жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.
Мааламат үчүн:
Аталган спорт залдын курулушу 2013-жылы башталып, ар кандай себептерден улам токтоп калган. Курулушту аяктоо максатында 2024-жылы долбоор жаңыланып, сметалык баасы 11 млн 800 миң сомду түзгөн.
Каржылоо булактары катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү грантынан 5 млн сом, “Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан” 5 млн сом жана жергиликтүү бюджеттен 1 млн 800 миң сом каражат бөлүнгөн.
2025-жылдын 22-майында тендер өткөрүлүп, анын жыйынтыгында “Эмирхан Компании” ЖЧКсы аткаруучу катары тандалып алынган. 7-июль күнү 11 млн 200 миң сомго келишим түзүлүп, курулуш иштери толук бүткөрүлгөн.



