2025-жылдын 30-декабрында , Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы №193 «Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмү жана Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүк жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана
калкын 2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө”
№282 токтомунун аткарылышы жѳнүндѳ Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы болуп өттү.
Коллегиянын жүрүшүндө тиешелүү бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилери тарабынан маалыматтар угулуп, жыйынтыгында токтом кабыл алынып, аткаруу боюнча конкреттүү милдеттер жүктөлдү.
