Бүгүн Тогуз-Торо районунда жаштардын демилгеси менен «Таза айлана – жаштардын демилгеси, коомдун келечеги» аталышындагы экологиялык акциясы өттү.

Иш-чарага мекеме-уюмдардын 21 жаштан 35 жашка чейинки жаш кызматкерлери катышып, айлана-чөйрөнү тазалоого жана коомдун экологиялык маданиятын жогорулатууга өз салымдарын кошушту.
Акциянын жүрүшүндө:
— Нур-Жайык кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы тазаланып, таштандылар тиешелүү тазалык ишканасы тарабынан чыгарылып, аймактын санитардык абалы жакшыртылды.
Иш-чаранын башкы максаты — жаш муунду табиятты сүйүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга үндөө.
Экологиялык акцияга катышып, таза коом үчүн эмгек кылган бардык жаштарга ыраазычылык билдиребиз.
Урматтуу Нур-Жайык кичи районунун тургундары!
Сиздерди айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого жана үзгүлтүксүз ишембилик уюштуруп турууга чакырабыз.
Таза айлана — ар бирибизден башталат!
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply