Бүгүн А. Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө “Манас эпосу — дүйнөлүк маданий казынанын керемет кенчи” аттуу майрамдык иш-чара өттү.
Маданият кызматкерлери катышкан бул кечеде режиссёр Адилет Бейшекеев жетекчилик кылган ийримдин мүчөлөрү Манастын хандыкка көтөрүлгөнүн сахналык көрүнүш аркылуу жандуу тартуулашты. Мындан сырткары маданият кызматкерлери тарабынан манас эпосунан үзүндү айтылып, конокторго бий тартууланды.
Иш-чаранын максаты кыргыз элинин улуттук сыймыгы, кылымдарды карыткан руханий мурасы жана дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври “Манас эпосун” сактоо жана улантуу — ар бирибиздин милдет экендигин даңазалоо!
Манас — эл руху, эл наркы!
