Бүгүн, 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо күнү! Мына ушундай маанилүү күнү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Мураталиев Манас Манапбекович 2025-жылдын 25-26-сентябрында Токтогул районунда өткөн XIV Жалал-Абад облустук спартакиадасына катышып, ийгиликке жетишкен спортчуларды куттуктап, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Аким М.Мураталиев, куттуктоо сөзүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү жана аларды колдоо райондук мамлекеттик администрациясынын негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, ар бир адамдын толук кандуу коомдук турмушка катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.
Аталган иш-чараны улай , Казарман айылындагы А.Сыдыков атындагы Маданият үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу жана алардын чыгармачылыгын арттыруу максатында, “Кыз-жигит сармерден” оюну өткөрүлдү.
Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары Асел Жунусалиева, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана башка катышуучулар катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында “Кыз-жигит сармерден” оюнуна катышып, өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүшкөн катышуучуларга номинациялар, ыраазычылык баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ар бир адамдын чыгармачылыгы жана жетишкендиги – коомубуздун байлыгы!
