2025-жылдын 1-сентябрында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М.Мураталиев Атай айыл ѳкмѳтүнүн Карл-Маркс айылындагы таза суу тартуу жумуштарынын жана “Саймалуу-Таш” жалпы билим берүүчү орто мектебинин, Атай айылындагы “Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун, Арал айылындагы “Айзирек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жүрүп жаткан курулуштарын көрүп, жеринен кабар алды. Куруучу копаниянын ѳкүлдѳрүнѳ курулуштарды ѳз мѳѳнѳтүндѳ тездетип бүткѳрүү жана пайдаланууга берүү тапшырмаларын берди.
2025-2026-окуу жылынын башталышы менен мектептерди кыдырып, мугалимдерди жана окуучуларды билим берүү күнүнүн башталышы менен чын дилден куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге окуучулар менен баарлашып, бүгүнкү күндѳ мамлекет билим берүү тармагына ѳзгѳчѳ кѳңүл буруп бардык шарттары менен жаңы заманбап окуу имараттары курулуп жатканын баса белгилеп, окуучуларды терең илим-билим алууга умтулууга чакырды.


