Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.О.Самаев катышкан Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде “Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын 6 айынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2025-жылдын 9 айына карата милдеттери тууралуу” маселе каралып, коллегиянын жыйынтыгы менен берилген тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу милдеттендирилди.