БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен, “Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги” (ADI) тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Ленин айылында Жырма каналынан айыл ичине суу келүүчү арык – каналдардын 1 км. жерин кол менен тазалап, таштандыларды чыгаруу, арыктын ичин кенейтип , суу жырып кеткен жээктерин бетондоо иштери башталды.
Долбоорго жумушсуз жана аз камсыз болгон үй бүлөдөн 40 жаран ишке тартылып, эмгеги акы үчүн жумуш бүткөндө ун, өсүмдүк майы таркатылып берилет.
Бул демилге айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга, айдоо аянттарын сугаруу үчүн суу менен камсыз болушат.

