Мобилдик май куюучу жайы уюштурулду

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!!!
Тогуз-Торо районунун аймагында ири май куюучу станциялар Газпром, Петролеум, Партнер нефть АЗС жок болгондугуна байланыштуу, райондун элин сапаттуу күйүүчү май менен камсыз кылуу максатында 2023-жылы “Партнер нефть” ЖЧКсы менен сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлүп, 2024-жылы АЗСтин долбоору даярдалып, быйылкы жылы май айынан бери АЗС куруу иштери жүргүзүлүүдѳ.
Бирок, АЗС курулуп бүткѳнгѳ чейин кѳпчүлүк тургундардын район элин сапаттуу күйүүчү май менен камсыз кылуу ѳтүнүчтѳрүн эске алып, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы “Партнер нефть” ЖЧКсынан АЗСтин курулушу бүткѳнгѳ чейин элди убактылуу сапаттуу күйүүчү май менен камсыз кылып турууну суранып, учурда мобилдик май куюучу жайы уюштурулуп, АИ-92 маркасындагы бензин жана дизелдик күйүүчү май сатыкка коюулду. Бул жеңил типтеги АЗС эмес, капиталдык курулуштагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы ири май куюучу жайлардын бири болуп курулуп, жыл аягына чейин ишке берилет.
Ал эми, учурда элди дүрбѳлѳңгѳ салып, туура эмес маалымат таратып жаткандар же маалыматты жоктор болсо Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына кайрылсаңыздар АЗС боюнча толук маалымат ала аласыздар.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply