Арал жана Бирдик айылдарында балдар ойноочу аянтчасы ачылды

Бүгүн 22-август 2025-жылы Атай айыл аймагына караштуу Арал жана Бирдик айылдарында балдар ойноочу аянтчасынын ачылышы болду. Аталган иш чарага администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскер Жаңыбаев, Атай айыл аймагынын кеңешинин төрагасы жана депутаттары, Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жаш өспүрүм балдар катышты.
Аталган 2 долбоор Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондунан каралып Арал айылындагы балдар ойноо аянтчасына 2 180,2 миң сом жана Бирдик айылындагы балдар ойноочу аянтчасына 1 964,7 миң сом каржыланган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply