2025-жылдын 8-июлунда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торо районуна расмий иш сапар менен келип, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилер, аксакалдар кеңеши, айыл имамдары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ыйман, адеп-ахлак, КР Президентинин 24.02.2022-жылдагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар ж-дө” №54 жана КРП 14.10.2024-жылдагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши ж-дө” КР нын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамынын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.