Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси –
А.А. Касымалиевдин жетекчилиги астында 2025-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери – акимдер, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери менен болгон жыйынынын Протоколунун негизинде 2025-жылдын 7-июлунан тартып бекитилген графикке ылайык жер-жерлерде элдик жыйындар өткөрүлүп башталды.
Жогорудагынын негизинде бүгүн, т.а. 7-июль күнү Атай айыл аймагынын Атай, Карл-Маркс, Арал, Бирдик айылдарында элдик жыйындар болуп өттү.
Жыйынга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М.Мураталиев, башчынын 1-орун басары Т.Арун уулу, Тогуз-Торо РИИБнүн начальниги Э.Б.Эдилбаев жана райондук жетекчилер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланып, иш-чарага киргизилди.




