2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүу иштери жүргузүлдү

2025-жылдын 10-июнь күнү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын адистеринин жана Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда айыл аймактарында коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын иш-чаралар планынын” негизинде жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушууда экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү  бул мамлекеттин коопсуздугун, коомдун туруктуулугун камсыз кылуунун маанилүү шарты экендиги, бул эки көрүнүш тең адамзатка каршы багытталгандыгы, демократиялык баалуулуктарга шек келтире тургандыгы жана өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук жарата тургандыгы боюнча кеңири маалымат берилип, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу маанилүү экендиги белгиленип, экстремисттик жана террордук идеологиялардын зыяндуулугу боюнча, толеранттуулукту жана өз ара сыйлашууну жайылтуу – жаштарды радикалдык топтордун таасиринен коргоонун бирден-бир жолу экендиги тууралуу коомчулукка  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply