ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРАСЫ ТАРАБЫНАН 2024-ЖЫЛ ЖАНА 2025-ЖЫЛДЫН 5-АЙЫНДА ЖЕР МЫЙЗАМДАРЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИШТЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан системалык түрдө Кыргыз Республикасынын «Жер укук мамилеринин жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын, ошондой эле жер кодексинин талаптарын сакталышы боюнча текшерүү иштери уюштурулууда.
Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын бул багытта жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Жээналиев көчөсүндө жайгашкан мурунку автобекеттин 0,22 га жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткен фактысы аныкталып, ал боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына жаңы автобекеттин имаратын куруу үчүн жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө сунуштама келтирилип, келтирилген прокурордук актынын негизинде муниципалдык менчикке 0,17 га жер тилкеси кайтарылып, калган жер тилке боюнча акчалай түрүндө 903 000 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы тарабынан, 2024-жылдын 27-февралындагы 98-К сандуу токтому менен Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын тургуну Өмүракунов Шер Карыпбековичке, Нарын дарыясынын түндүк тарабындагы №714 контурунан 0,20 га жер тилкесин өздөштүрүп, иштетүү үчүн ижарага мыйзамсыз берилгендиги, 2024-жылдын 7-февралындагы 10-Т сандуу токтому менен Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну Сулайманов Кылычбекке, Нарын дарыясынын түндүк тарабынан № 710 контурунан 0,30 га жер тилкесин иштетүү үчүн негизсиз берип жиберген фактысы жана 2023-жылдын 14-декабрындагы 40 сандуу токтому менен Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын тургуну Бердикожо уулу Ыйманга, “Жапсар” участогунан 1,0 га жер тилкеси өздөштүрүп, иштетүү үчүн 7-жылдык мөөнөткө ижарага мыйзамсыз берилгендиги текшерүүдө орун алган.
Бул жогоруда көрсөтүлгөн токтомдор текшерүүдө мыйзамсыз деп табылып, алар боюнча райондук прокуратура тарабынан 2024-жылдын 15-октябрынада Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына каршылык билдирүүлөр келтирилип, 2024-жылдын 25-октябрындагы № 219, 220 жана 221 сандуу токтомдордун негизинде жогоруда мыйзамсыз кабыл алынган 3 токтом жокко чыгарылып, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери толугу менен мамлекетке кайтарылган.
Ошондой эле, райондук прокуратура тарабынан Атай айыл өкмөтүндө текшерүү иштери уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен мыйзамсыз берилип кеткен 0,84 га жер тилкеси боюнча прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекетке кайтарылып, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери тийиштүү адистер тарабынан 2 797 200 сомго бааланып, толугу менен мамлекетке кайтарылган.
Райондук прокуратура тарабынан азыркы учурда Тогуз-Торо районунун аймагында, мамлекетке караштуу жерлерин ижарага жана менчикке берүү фактылары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул маселе Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңештин 2024-жылдын 25-сентябрындагы чечиминде белгиленип, Тогуз-Торо районундагы ижарага берилген жер тилкелерине карата инвентаризация жүргүзүү тууралуу талап коюлуп, азыркы учурда иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Маалымат иретинде, райондук прокуратура тарабынан жерге байланыштуу маселелер боюнча 2024-жылы 6 текшерүү иштери уюштурулуп, анын жыйынтыгы боюнча 2 сунуш 1 талап келтирилип, прокурордук актылардын негизинде мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 810000 сомдук 0,10 га жер тилкеси мамлекетке толугу менен кайтарылган.