Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды

02.06.2025-ж кечки саат 19.00до Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Казарман-Арал участогунда чон көлөмдө тоо таштары кулап, таш көчкү түшүп, жол каттамын жаап, 4 оор жүк ташуучу автоунаа жана 35 жеңил автоунаа жүргүнчүлөрү менен жолдо калып калгандыгына байланыштуу, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында райондук штабдын ыкчам отуруму өткөрүлдү.

Штабдын отурумунда өзгөчө кырдаалдарды, табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин оперативдүү жоюу боюнча маселе каралып, тиешелүү кызматтарга милдеттенмелер коюлду.
Штабдын отурумунун жыйынтыгы менен, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 02.06.2025-ж. №116-т Тескемеси кабыл алынып, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Казарман-Арал участогунда чон көлөмдө тоо таштары кулап, таш көчкү түшүп, жол каттамын жаап калгандыгына байланыштуу 2025-жылдын 2-июнунан тартып жолдордогу таштарды тазалоо иштери аяктаганга чейин Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолу кечки саат 22.00дон эртең мененки саат 10.00го чейин убактылуу жабылып, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Казарман-Бишкек каттамында оор жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө бөгөт коюлуп, райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тобунун кызматкерлери тарабынан пост уюштурулуп, райондук №18 жол тейлөө ишканасынын техникалары жол тазалоо иштерине толугу менен тартылды.
Райондун акими М.Мураталиев тарабынан Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими менен жолдорду кыска мөөнөттүн ичинде тазалоого көмөк көрсөтүү тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, Жумгал районунун жол тейлөө ишканасынын техникалары кечки саат 22.00 менен жол тазалоо иштерине киришти.
Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан таш көчкүнүн кесепетинен жолдо калып калган жүргүнчүлөрдү Казарман айылына алып келүү үчүн 2 даана Бус уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү Казарман айылына аман-эсен алып келүү үчүн жөнөтүлдү.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply