Райондо, “Атам, апам жана мен” аталыштагы спорттук иш-чара болуп өттү

Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн жаштар саясаты тарабынан “2021-2026-жылдары Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясын ишке ашыруу максатында, районубуздагы жаш үй-бүлөлөр арасында уюштурулду.
Аталган иш-чарага, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, айыл өкмөт кызматкерлери, райондук маданият кызматкерлери, Тогуз-Торо ФМ радиосу жана тургундар катышты.
Оюнга, ар бир үй-бүлө активдүү катышып, көрүүчүлөргө позитивдүү маанай тартуулашты. Жыйынтыгында, жеңүүлөр кубок, медаль жана ар бир үй-бүлөгө комплект чемодан тапшырылды.
Белгилей кетсек, иш-чара Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин спорт залында, райондук спорт инструктору жана спорт мектебинин машыктыруучулары менен бирге өткөрүлдү.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply