Район боюнча жалпы өнөр-жай тармагында иштеп жаткан өндүрүштүк субъекттер тарабынан 2024-жылдын 9 айында 1 279 628,7 миң сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, ал эми 2023-жылдын 9 айында 1 016 120,8 миң сомдук продукциялары өндүрүлүп, продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 2024-жылдын 9 айына 121,1 % ды камтып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 263 507,9 миң сомго көп өндүрүлүп, аткаруу 125,9% түзгөн. Жалпы өндүрүлгөн 1 279 628,7 миң сомдук продукциянын ичинен 99,3 % пайызын тоо кен тармагы түзсө, 0,7 % пайызын райондогу калган өндүрүштүк тармактар түзөт.
Эң ири өндүрүш ишканасы болуп эсептелген “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн алсак, 2024-жылдын 9 айында 1 270 283,8 миң сомдук товардык продукция өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 125,8 % ды түзгөн, же болбосо 260 381,9 миң сомдук продукцияга көп өндүрүлгөн.
Ал эми жеке ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн товардык продукцияларын ала турган болсок, 2023-жылдын 9 айында 6 218,9 миң сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, 2024-жылдын 9 айында 9 344,9 миң сомдук продукциясы өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 150,3% ды түзүп 3 126,0 миң сомго көп өндүрүшкөн.