Жугуштуу сарык оорусу!

Райондук ооруларды алдын алуу жана санэпид көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери тарабынан, Каргалык айыл өкмөтүндө жаш энелерге жугуштуу сарыктын А түрү, бруцеллез, ВИЧ/СПИД ооруларын алдын алуу боюнча семинар өтүлдү. Семинарга 25 айым катышты.
Жугуштуу ооруларды алдын алууда, үй бүлөсүнүн, балдарынын ден соолугуна энелердин жоопкерчилиги жогору болууга тийиш.
Себеби үйдө гигиенаны, тазалыкты сактоо менен үй бүлө мүчөлөрүнө ошол нерселерди үйрөтүп, адат, тартип кылып калыптандырууда энелердин ролу чоң.
Жугуштуу оорулардын 80% кир колдор аркылуу жугат, ошондуктан адам кайсы жерде жүрбөсүн колдун тазалыгын сактоосу шарт: үйдө, мектепте, көчөдө ж.б жерлерде.
Санитардык маданият- чын ден соолуктун башаты!!!
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply