Чет-Булак, Атай, Карл-Маркс айылынын элин дарыгерлер медициналык кароодон өткөрдү

🧑‍🔬Тогуз-Торо районунун Чет-Булак, Атай, Карл-Маркс айылдарына райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун медицина кызматкерлери айыл элин медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү.
📌Айыл элинин саламаттыгын кароодон өткөрүүнү Аялдар тынчтык банкынын колдоосу менен ишке ашып жаткан Седеп долбоорунун алкагында демилгеленип керектелүүчү медициналык каражаттар камсыздалган.
🧑‍🔬Боор, бөйрөк, сахар диабети жана башка оорулардын анализин алуу менен, гинеколог, фтизиатр, педиатр жана үй-бүлөлүк дарыгерлерден жарандар текшерилди. Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси тарабынан жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, бурцелез, кургак учук, үй-бүлөнү пландаштыруу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси боюнча маалымат берилип, маалымат баракчалары таратылды.
📍Медициналык кароонун негизги максаты элдин саламаттыгына кам көрүү ооруларды алдын алуу болуп саналат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply