Тогуз-Торо районунда “Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин” кесиптик майрамы болуп өттү.

Тогуз-Торо районунда “Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин” кесиптик майрамы болуп өттү.
Ага, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Темирбек Арун уулу, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, айыл өкмөт башчылары, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова жана Профсоюз комитетинин Тогуз-Торо райондук төрагасы Марлис Олжотоев катышты.
📚Социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы жана профсоюз уюмунун кызматкерлеринин майрамы менен куттуктап, райондун өнүгүүсүнө зор салымын кошкон кызматкерлерге төш белгилер, ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Майрамды утурлай, 2024-жылдын 2-3-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн XIII облустук спартакиадага активдүү катышып келген, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧА) жарандарыбызга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мураталиев Манас Манапбековичтин акчалай сыйлыктары тапшырылып куттуктоо сөздөрү айтылды.
Майрамыңыздар менен!
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply