“Макмалалтын” комбинаты – алтын өндүрүүчү ишкана, 2001-жылдан “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун филиалы. Райондун борбору Казарман айылынын түштүк-батышында 5 км аралыкта жайгашкан. 1966-1968-жылдары Тогуз-Торо өрөөнү Тундүк-Кыргыз геология экспедициясынын Чаарташ чалгындоо партиясы тарабынан изилденип, Ак-Шыйрак тоо кыркаларынын батышында Макмал жайлоосунун Чаарташ тоосунан алтын кени табылгандыктан, 1976-жылы Кыргызстанга кен ылгоо фабрикасын куруу жөнундө СССР Министрлер Советинин токтому чыккан. Анын негизинде 1977-жылдан комбинаттын объектилери курула баштаган. Ага 120 млн сом акча каржаты жумшалып, өндүрүш кубаттуулугу жылына 50 миң тонна руданы казууга жана иштетүүгө эсептелген.1986-жылы “Макмалалтын” комбинаты пайдаланууга берилген. Комбинаттын жабдуулары СССРдин технологиясы менен жабдылып, АКШнын “Катерпиллер” трактору (бир чапчып жүктөгөнү 10 тоннага жеткен), “Краз” , “Белаз” машиналары (12 тоннага чейин жүк көтөргөн) алынып келинген. Алгач 220гр алтын алынган. 1987-жылы комбинатта иштегендердин саны 4,5 миңге жеткен. Комбинат ишке киргенден бугүнку күнгө чейин (1986-2016-жж), (37,2 тонна алтын) өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына 2(эки) млрд сомдон ашык салык түрүндө киреше берген. Комбинаттын 3 негизги өндүрүштүк бөлүмдөрү- цехи бар:Казарман айылынан 40км аралыкта жайгашкан, кен казуу иштерин жургузгөн тоо-кен цехи;Автотранспорт цехи;Кен ылгоочу фабрика. Комбинаттын турак-жай коммуналдык чарбасы, тамак-аш, азык-тулүк менен камсыздоочу кичи ишкана, “Меймандос” мейманканасы бар. Комбинат тарабынан 1776 орунду мектеп, 120 орунду оорукана, 500 орунду маданият үйү, 140 орунду 2 бала бакча, ЯН-40 самолету конуучу аэропорттун курулуштары бүткөрүлүп Казарман-Жалал-Абад, Казарман-Комбинат-Карьер автоунаа жолдору салынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылы 10-декабрдагы №722 токтому менен “Макмалалтын” комбинатын иштетүү узартылган. Учурда орточо эсеп менен 1006 адам (алардын ичинен жумушчулар 929 адам, өндүрүшкө байланышпаган жумушчу-кызматчылар 77 адам) эмгектенет. “Макмалалтын” комбинатынын жетекчилери: К.Кыдыров (1977-1986-жж), В.И.Бабенко (1986-1987-жж), Э.М.Алжанбаев (1988-1989-жж), К.Кыдыров (1989-1991-жж), А.С.Үмөталиев (1991-1993-жж), К.М.Мамытов (1993-1994-жж), К.А.Өмурбеков (1994-1995-жж), Б.Р.Рысалиев (1995-1999-жж), Б.С.Бектенов (1999-2002-жж), А.А.Ашыралиев (2002-2004-жж), Т.Токтосунов (2004-2005-жж), Ш.Алымбеков (2005-2006-жж), К.Коноков (2006-2008-жж), А.С.Батырканов (2008-2009-жж), А.К.Кожонов (2009-2010-жж), О.К.Исмаилов (2010-2011-жж), С.Айткулов (2011-2013-жж), Н.М.Исаков (2013-2014-жж), Ж.Т.Алымбеков (2014-2015-жж), К.Б.Дыйканов (2015-жылдан).
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Тогуз-Торо районунда Баткен коогалаңынын 24 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.
- Тогуз-Торо районунда 23-октябрь күнү “Мурас-Аймак” футзал боюнча регионалдык турниринин райондук этабы болуп өттү.
- Ден соолугун калыбына келтирүү (реабилитациялык) борбордун курулуш иштери башталды
- Тогуз-Торо районунда “Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин” кесиптик майрамы болуп өттү.
- Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Мамлекеттик тил макамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз тили” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Жаңылыктар календары
November 2024 M T W T F S S 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Пайдалуу шилтемелер:
- Коррупцияны алдын-алуу боюнча ишеним телефону (0312) 66-00-20, (0312) 66-04-75, (03738) 5 -02-07
aks.gknb@gmail.com
- Коррупцияны алдын-алуу боюнча ишеним телефону (0312) 66-00-20, (0312) 66-04-75, (03738) 5 -02-07