Тогуз-Торо районуна акыркы үлгүдөгү 2 даана өрт өчүрүүчү автоунаа алып келинди.

Тогуз-Торо районуна акыркы үлгүдөгү 2 даана өрт өчүрүүчү автоунаа алып келинди.

Бүгүн, 2023-жылдын 13-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө бөлунүп берилген «КАМАЗ» үлгүсүндөгү жана «ХОВО» үлгүсүндөгү 2 даана өрт өчүрүүчү атайы техникасы районго алынып келинип, бөлүмгө тапшырылды.
Жогорудагы «КАМАЗ» үлгүсүндөгү атайы техникасы Кыргызстан жана Россия мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында, ал эми «Хово» үлгүсүндөгү техника Кытай мамлекети тарабынан берилген.
Бул техникаларды алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү унаалар паркы толугу менен жаңыртылып, куткаруучуларыбыздын иши бир топ жеңилдеди.
Белгилей кетсек, өрт өчүрүүчү цистерналар «ХОВО» унаасы 5000 литр суу багы менен жабдылса, ал эми «КАМАЗ» унаасы 6000 литр суу багы жана 360 литр көбүк менен иштеп, насостун кубаттуулугу секундасына 40 литр сууну түзөт. Автоунаа ар кандай диаметрдеги 18 өрт түтүктөрү менен жабдылган. Мындан тышкары гидрант, арыктардан (көлмөлөрдөн) суу чогултуучу гидроэлеватор жана керектүү авариялык жабдуулар жана шаймандар бар. Ошондой эле өрт өчүрүүчү цистерна айыл жеринде жана тоолуу аймактарда өрттү натыйжалуу өчүрө турган ар кандай узундуктагы 3 тепкич менен жабдылган.
   
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply