31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган райондук Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында “Кыргызстан эгемендүү өлкө” аталышындагы маданий иш -чара уюштурулду. Иш-чарада райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошкон атуулдарга “Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу” наамы жана “Ардак грамотасын” райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким М.М.Мураталиев тапшырды.
Ошондой эле Тогуз-Торо районунун кулуну, жердешибиз “Мейкин Азия -2025” Эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү, 1- орундун ээси Сатыбалдиев Урмат Женишбековичке “Ыраазычылык кат” билдирип, Ак калпак кийгизип куттуктады. Иш-чара райондук деңгээлде өткөрүлүп, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин, элдик таланттардын жана Бишкектен чакырылган эстрада ырчысы Урмат Сатыбалдиевдин катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply