Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды

02.06.2025-ж кечки саат 19.00до Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Казарман-Арал участогунда чон көлөмдө тоо таштары кулап, таш көчкү түшүп, жол каттамын жаап, 4 оор жүк ташуучу автоунаа жана 35 жеңил автоунаа жүргүнчүлөрү менен жолдо калып калгандыгына байланыштуу, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында райондук штабдын ыкчам отуруму өткөрүлдү. Штабдын отурумунда өзгөчө кырдаалдарды, табигый…