“Акыркы коңгуроо” аземи
Тогуз-Торо районундагы мектептерде “Акыркы коңгуроо” кагылды. 26-май “Акыркы коңгуроо” аземи райондун 13 мектебинде болуп өттү. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктап, окуучуларды илим-билимге умтулууга, өлкөгө кызмат кылууга, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. “Кесип тандоодо жүрөгүңөрдү угуп, өлкөбүздүн, районубуздун, аймагыбыздын өнүгүүсүнө салым кошо турган…