16 МВА 110/35 кВ “Чет-Булак” көмөк чордону пайдаланууга берилди

2025-жылдын 14-июнунда Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында курулган 16 МВА 110/35 кВ “Чет-Булак” көмөк чордону Нарын ЭТИна тийиштүү 110 кВ “Жетиген-Ала-Буга” аба чубалгысынан электр энергиясы менен камсыз болуп пайдаланууга берилди.
Бул долбоор “Кыргызстан УЭТ” ААКсы жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруучу компаниянын ортосундагы келишиминин негизинде, темир жол куруу үчүн аталган көмөк чордондорго Нарын электр тармактар ишканасынан керектүү кубаттуулук берилип, мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүп, ишке берилди.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев, Аким М.Мураталиев, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруучу компаниянын өкүлдөрү, тиешелүү адистер, РЭТ башчысы жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Бул көмөк чордон Улуу жибек жолунун башаты Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн курулду.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply