1-июнь Балдарды коргоо күнү

1-июнь Балдарды коргоо күнү Казарман айылындагы Ж.Кыдыров атындагы райондук эс алуу паркында өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатта Тогуз-Торо районунун аким М.М.Мураталиев балдарды куттуктады.
Балдар – биздин келечегибиз! Ар бир бала бактылуу балалыкта ,мээримге бөлөнүп чоңоюуга тийиш экенин белгиледи.
Майрамдык иш-чарага маданият бөлүмү райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Мындан сырткары Бишкек шаарынан келген “Дисней Шоу” балдарга арналган оюн-зоок программасын тартуулашты.
Концерттин аягында балдарга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, Каргалык айыл өкмөтү тарабынан балмуздактар таратылды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply