“Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Т.Мойдунов атындагы №1 Макмал орто мектебинин аянтчасына жалпысынан 80 түп карагайдын көчөтү отургузулду.
Отургузулган көчөттөрдүн 20 даанасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан, ал эми калган 60 даана көчөт “Кытай Темир жол” курулуш корпорациясы √11 бюросунун 5-компаниясы ЖЧКнун Кыргыз Республикасындагы филиалынын өкүлчүлүгү тарабынан алынып берилди.




