Улуттук оюнду өркүндөтүү тууралуу чыгарылган китептин бет ачары өттү

Тогуз-Торо райондук А.Сыдыков атындагы маданият бөлүмүндө ардагер мугалими Тыныбек Арыковдун “Улуттук оюнду өркүндөтүү” китебинин бет ачары болду.
Бет ачарга акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, айыл тургундары жана демөөрчүлөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө китеп тууралуу талкуу болуп, автор тууралуу доклад окулду. Акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова: Тыныбек Арыковдун калемине таандык китепте жазылган улуттук оюндарды коомчулукка жайылтуу керек деген пикирин айтып, акчалай колдоо көрсөттү.
Белгилей кетсек Тыныбек Арыков дене тарбия мугалими, 80 жашында аталган китепти жазып, китепте 30дай спортчулар тууралуу баяндар жазылган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply