Тогуз-Торо районунда Жээнтай Кыдыров атындагы эс алуу паркында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.

Иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин орун басарлары, Тогуз-Торо райондук Аскер комиссариатынын аскер комиссары Бекзат Мурзажанов, афган согушунун ардагерлери, баткен окуясынын катышуучулары райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.
Казарман айылында жайгашкан Жээнтай Кыдыров атындагы эс алуу паркындагы өчпөс отко гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.
Эскерүү аземинде район акими Манас Мураталиев сөз сүйлөп, согуш ардагерлеринин эрдигин эскерип, Улуу жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply