Тогуз-Торо районунда энелер күнү белгиленди

Казарман айылындагы √1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, баатыр энелер, коомдук ишмер айымдар катышты.
Аким энелердин коомдогу ордун чоң экенин айтып, бүгүнкү майрамы менен куттуктап, 180 энелерге белектерди тапшырды.
Жогорку кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы майрамдык салтанатта энелердин майрам күнүн куттуктап, Жогорку Кеңештин Ардак грамота, ыраазылык баракчаларын тапшырып, 180 энеге белек берип кубантты.
Майрамдык иш-чара райондук А.Сыдыков атындагы маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Эне” аттуу сценка көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.
Райондук аялдар кеңешинин жаратман айымдарды тарабынан кол өнөрчүлүк, тигүүчүлүк боюнча ишкер айымдардын көргөзмөсү уюштурулду.
 Учурда Тогуз-Торо районунда 353 “Баатыр эне” медалынын ээси бар.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply