Тогуз-Торо районунда Барыктабас Ташматовдун 90 жылдык мааракесине карата Атай айылындагы маданият үйүндө конференция өткөрүлдү.
Иш- чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Такабай Асанакунов, кыргыз эл жазуучусу Сулайман Рысбаев, мугалимдер, Барыктабас Ташматовдун жакындары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аким Манас Мураталиев Барыктабас Ташматовду билим берүү жаатында кошкон салымын, агайдын басып өткөн жолу кийинки муунга үлгү болушу керектигин баса белгилеп катышуучуларга ийгилик жана бекем ден- соолук каалады.
Конференцияда Барыктабас Ташматовдун замандаштары эскерип, атайын усулдук көрсөтмөлөр жана материалдар көрсөтүлдү.
Барыктабас Ташматов 25 жыл өзү окуган мектепте директор болуп иштеп, 1993-жылы Атай айлындагы √5 Барыктабас Ташматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине