Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясы болуп өттү.
Коллегияда төмөндөгү 3 маселе каралды:
– Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын I кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы;
– Жазгы айдап-себүү иштерине карата даярдыктар жана сугат суусун өз убагында берүү максатында райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы каналдарга ремонт иштеринин жүргүзүлүшү боюнча аткарып жаткан иштери;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” ПЖ № 137 Жарлыгынын Тогуз-Торо районунда аткарылышы.
Коллегияга коллегия мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери катышышты.
Коллегиянын жүрүшүндө 2025-жылдын 1-кварталына карата өздөрүнүн милдеттерин жетишээрлик деңгээлде аткарбаган жана райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын 07.02.2025-жылдагы 1-кт токтомун аткарбаган бир катар жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине 2025-жылдын экинчи кварталын ийгиликтүү аяктоо, негизги багыттар боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү тапшырмасы берилип, айрыкча бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга, салыктарды толук көлөмдө чогултууга, артыкчылык берүүчү программаларды ишке ашырууга, жана социалдык маанидеги милдеттерди аткарууга өзгөчө көңүл буруусу сунушталып, токтом кабыл алынды.

